www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандагы массалык нааразычылык акциялары учурунда интернеттин дээрлик толук өчүрүлүшүнө Россия түздөн-түз көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу Foreign Affairs журналы жазды. 

Андагы маалыматка ылайык Москва Тегеранга жарандар үчүн интернетти жабуу, бирок бийлик үчүн сактап калуу механизмин үйрөткөнү айтылат.

Макалада Иран акыркы жылдары Россиянын ички коопсуздук, көзөмөл жана санариптик репрессиялар боюнча тажрыйбасын активдүү колдонуп келгени белгиленет. 

Тактап айтканда, мобилдик байланыш жана социалдык тармактар өчүрүлүп, ошол эле маалда мамлекеттик органдардын, банктардын жана расмий медианын сайттары ишин уланткан.

Бул ыкма элдин уюшуп чыгышын кыйындатып, режимдин башкаруусун сактоого шарт түзөт.

Последние новости