www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия эки тараптуу кызматташуу жаатында Кыргызстанды бардык тараптан колдойт. Бул тууралуу РФтин агартуу министринин орун басары Денис Грибов "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КМШга мүчө өлкөлөрдүн окуучуларды тамактандыруу боюнча өткөн форумунда билдирди.

Журналисттер аткаминерге анын өлкөсүнүн Кыргызстандын окуучуларга ысык тамак берүү боюнча тажрыйбасын колдонобу деген маанайда суроо узатышты.

"Ыкмалар колдонулат, ошондуктан бүгүнкүдөй аянтчаларга чогулуп жатабыз. Диалог түзүп жана ар кыл өлкөлөрдө тамактандыруунун өзгөчөлүктөрүн карап, тажрыйба алмашуу ниетибиз бар. Кечээ бардык делегациялар өздөрүнүн бул жааттагы иштерин көрсөтүп, айтып беришти. Үйрөнүп, ала турган тажрыйбаларды көрдүк, мунун ичинде Кыргызстан да бар", — деди министрдин орун басары.

Министр Кендирбаева Кыргызстандын тажрыйбасы Россияда колдонуларын четке каккан жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости