www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас райондук соту райондук милициянын бөлүм башчысы, жашы жетелек кызды зордуктоо кылмышын жашырууга айыпталган Ю.А. аттуу адамдын ишин карап, ага 60 миң сом айып салды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда сот чечимине ылайык, Ю. А. өзүнө айып тагылып жаткан: Кылмыш кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча акталды. Ал эми 367-беренеси ("Кылмышты жашыруу") менен айыптуу деп табылып, 600 эсеп өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Прокуратура аны "тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүдөн 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган" деп айыптаган. Милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") жана 367-беренеси ("Кылмышты жаап-жашыруу") менен кылмыш иши козголгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости