www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки ай мурун орус армиясынын катарында Украинага согушка кетип, каза болгон тажикстандык жарандын сөөгү 24-ноябрда эртең менен Согд облусуна жеткирилди.
Пенжикенттин Артуч айылынын 42 жаштагы тургуну Субхиддин Каноатов август айында аскерге чакырылып, бир жарым ай машыгуудан өткөндөн кийин октябрдын ортосунда Украинанын Харьков облусуна жөнөтүлгөн.
Маркумдун жакындарынын бири "Озоди" радиосуна Субхиддин орус жарандыгын алганын жана акыркы 20 жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда жашап келгенин билдирди. Анын артында жубайы жана төрт баласы калды. Согушка жиберилгенге чейин ал сантехник болуп иштеген.
Маектештин айтымында, Субхиддин 28 адамдан турган чалгындоо тобун жетектеген.
"3-ноябрда Субхиддиндин тобу Харьков облусунда дрондун чабуулуна кабылып, баары набыт болгон", - деди ал.
Украинадагы согушта курман болгон Тажикстан жарандары тууралуу так маалымат жок. Орусия былтыр февралда Украинага кеңири масштабда аскерий чабуул баштагандан кийин түрмөдөгүлөрдү жана эмгек мигранттарын түрдүү жолдор менен согушка тартты. Тажик бийлиги согушка колонияларда отурган 100дөн ашуун тажикстандык катышканын ырастады.
Булак: NazarNews.kg