www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгарияда жайгашкан Түркмөн Хельсинки фондунун жетекчиси Тажигүл Бегмедова 22-ноябрда Стамбул аэропортуна келгенде кайра Болгарияга депортацияланган.

 

Укук коргоо уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, ага Түркияга кирүүгө беш жылга тыюу салынган.

Бегмедова Стамбулга 21-ноябрда келип, ал жерден Бишкекке учуп, адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан 2023» эл аралык фестивалына катышмак.

Аэропортто паспорттук текшерүүдөн кийин аны өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын бөлмөсүнө алып кетишкен. Укук коргоочунун манжа изи алынып, сүрөткө тартылып, буюмдары тинтилген.

Бегмедова Түркмөнстандагы адам укуктарынын бузулушуна басым жасаган жана Түркиядагы түркмөн мигранттарына юридикалык жардам көрсөткөн укук коргоочу болуп эсептелет.

Түркия түркмөн активисттери үчүн кооптуу өлкө болуп баратат. Түркия акыркы айларда кеминде алты түркмөн активистин Түркмөнстанга депортациялады. Бул активисттер социалдык тармактарда түркмөн бийлигин кескин сындап чыгышкан. Укук коргоочу уюмдар Түркиядан депортацияланган активисттердин тагдырына тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости