www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою 7-11-кылымдарда Азербайжанга келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жергиликтүү тилдер колдонуудан чыгат да, азербайжан тили элдин тили болуп калат. Мына ушул убактарда Азербайжан эли да түзүлгөн. 11-14-кылымда өлкөнү Тимур, монгол-татарлар, түрк-селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. Азербайжандын тарыхында 16-кылымдын башында түзүлгөн Сефевилер мамлекети маанилүү роль ойноду. Азербайжандын Сефевилер мамлекетине биригиши өлкөнүн чарбасынын жана маданий турмушунун өнүгүшүнө шарт түзгөн, элдин чет жердик басып алуучуларга каршы күрөшүнө мүмкүнчүлүк берет. Бирок буга карабастан, Азербайжан үчүн Иран жана Түркиянын согушу токтогон эмес. 18-кылымдын орто ченинде Азербайжандын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813-28-жылдары орус-иран согушунун натыйжасында Түндүк Азербайжан Орусияга кошулган.
СССРдин курамында болгону белгилүү.1991-жылы августта Азербайжан көз каранды эмес республика катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов Азербайжандын президенти болуп шайланган. 1992-жылы оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991-жылдан Тоолуу Карабахтагы армян-азербайжан ортосундагы чыр-чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө биртоп татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске алып келген. 1993-жылы июнь айында ал Бакыдан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993-жылы Гейдар Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экономикалык кырдаал биртоп жакшырып, Орусия, Түркия жана батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003-жылдан анын уулу Илхом Алиев өлкөнүн президенти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg