www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-ноябрда Костанай полициясы бир нече активистти кармап кеткени кабарланды. Бул тууралуу “АктивисттерЭкстремисттерЭмес” тобу жазды.
Активист Даурен Султангалинин айтымында, полициячылар аны 23-ноярдан үйүнөн алып кетишкен.
Султангалинин айтымында, ал марафончу жана активист Марат Жыланбаевди колдогон видеосу үчүн тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузду деп айыпталууда.
"Мага тагылган айыптарга макул эмесмин. Мен жөн гана тынч жыйынга чогулуу укугумдан пайдалангым келди", - деди Даурен Султангали "Азаттыктын" казак кызматына.
Бир күн мурун Астананын соту активист Амангелди Жахинди 15 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. Белгилүү болгондой, Астанада кеминде жети активист “тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузган” деген айып менен камакка алынган.
Укук коргоочулардын айтымында, Казакстандын 11 шаарында, анын ичинде Костанайда жергиликтүү акимчиликтер 25-ноябрда каттоодон өтпөгөн оппозициялык “Алга, Казакстан” партиясынын лидери Марат Жыланбаевди бошотууну талап кылган тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат бербей койгон.
Өткөн аптада прокурор Жыланбаевди 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Жыланбаевге карата сот өкүмү качан чыгары белгисиз. Ал тергөө абагында эки жумадан ашык ачкачылык жарыялап, соттун ачык өтүшүн талап кылган. Марат Жыланбаев май айынан бери Астанадагы СИЗОдо камакта. Бийлик аны "экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан жана аны каржылаган" деп айыптап жатат. Укук коргоочулар аны “саясий туткун” деп тааныган.
Булак: NazarNews.kg