www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунда кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу фактылары тастыкталды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборуна текшерүү жүргүзгөн. Анда борбордун жетекчилери документтерди жасоо жолу аркылуу акысыз кызматтар үчүн да бейтаптардан мыйзамсыз акча алып турушканы аныкталган.

Мындай мыйзамсыз түшкөн акчалардын бир жылдык, тагыраагы, 2022-жылдагы суммасы миллион сомдон ашкан. Ал каражаттар жеке кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып келген.Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянат пайдалануу) менен иш козгоду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости