www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада дагы бир тажикстандык набыт болду

Москвада таксист болуп иштеп жүрүп, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн катарында Украинага согушка кеткен тажикстандык жаран каза болду. Анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

 

43 жаштагы Назрулло Жунайдов төрт ай мурун аскер комиссариатына чакыруу кагазын алып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн. Туугандарынын айтымында, ал 10-ноябрда Донецк облусунда өлтүрүлгөн. Өлүмүнүн чоо-жайы белгисиз.

Маркумдун жакындарынын бири Назрулло Орусиянын жарандыгын 25 жыл мурун алганын, андан кийин тажик жарандыгынан баш тартканын билдирди.

«Нарзулло «Яндекс» таксиде иштечү. Ал чакыруу кагазын алган жана ага согушуудан баш тартса, камаларын айтышкан. Ал аргасыздан макул болгон», - деди маектеш.

Учурда Нарзуллонун жакындары анын сөөгүн Тажикстанга жеткирүү маселесин чечип жатышат. Орус бийлиги анын үч баласына акчалай жардам беребиз деп убада кылышкан.

Буга чейин башка тажикстандыктар да ири акчалай сыйлыктар жөнүндө убадаларды угушкан, бирок Украинадагы согушта каза болгондон кийин алардын жакындары эч нерсе алышкан эмес.

Украинадагы согушта курман болгон Тажикстан жарандары тууралуу так маалымат жок. Орусия былтыр февралда Украинага кеңири масштабда аскерий чабуул баштагандан кийин түрмөдөгүлөрдү жана эмгек мигранттарын түрдүү жолдор менен согушка тартты. Тажик бийлиги согушка колонияларда отурган 100дөн ашуун тажикстандык катышканын ырастады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости