www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Кыргызстанга 1,7 миң тоннадан ашык байытылган ун жана 200 тоннадан ашык өсүмдүк майын өткөрүп берди. Гуманитардык жүктү тапшыруу аземи БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) алкагында Бишкекте өттү.
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун айтымында, өлкөнүн түндүк аймактарына 607 тонна байытылган ун жана 81 тонна күн карама майы жөнөтүлдү. Дагы 1 миң 147 тонна ун жана 121 тонна май Ош облусуна жана түштүк аймактарга жеткирилет.
Элчи белгилегендей, Россия Кыргызстандагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Россиянын каржылоосу программанын Кыргызстан боюнча стратегиялык планынын дээрлик 48 пайызын камсыздайт.
Анын айтымында, 2008-жылдан бери Россия Кыргызстанга азык-түлүк жардамын көрсөтүүгө 122 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Натыйжада жыл сайын 100 миңге жакын адам колдоого алынууда.
Программанын алкагында азык-түлүк жардамы жарандарга коомдук пайдалуу иштерге катышуусунун негизинде берилет. Алар аймактарды көрктөндүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, сугат каналдарын тазалоо жана селден коргоочу курулмаларды куруу иштерине катышышат.
Сергей Вакунов Россия мындан ары да БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорлорун колдоону жана Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантарын билдирди.