www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын январь-июнь айларында Россия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 40,6 пайызга өсүп, 114,547 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Бажы башкы башкармалыгына таянуу менен РИА Новости маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Кытайдан Россияга 52 миллиард 284 миллион долларлык товар импорттолуп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 78,1 пайызга көбөйдү, Россия Федерациясынан Кытайга жеткирүүлөр 19,4 пайызга өсүп, 62 миллиард 263 миллион долларды түздү.
Июнь айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 20 миллиард 831 миллион долларды түзсө, Россиядан Кытайга 11 миллиард 280 миллион долларга, Кытайдан Россия Федерациясына 9 миллиард 551 миллион долларга товар импорттолгон.
2022-жылдын аягында Россия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 29,3 пайызга өсүп, рекорддук 190,271 миллиард долларды түздү.
Белгилей кетсек, Россия менен Кытайдын лидерлери буга чейин эки өлкөнүн ортосундагы сооданы эки эсеге, 2018-жылы жылына 100 миллиард доллардан 2024-жылга чейин 200 миллиард долларга чейин көбөйтүү максатын коюшкан. 2022-жылдын 4-февралында Пекинде өткөн эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Россия менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнү жылына 250 миллиард долларга көбөйтүүнү жаңы максат катары аныктап алганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg