www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун башкы катчысы Марк Рюттенин Анкарадагы “бүгүн биз Россияны НАТО аймагына узак мөөнөттүү коркунуч экенин биргелешип тааныйбыз деп күтөм” деген билдирүүсү Россия менен Батыштын ортосундагы геосаясий чыңалууну курчута турган коңгуроо болду. Анын «НАТОну жеңе албайсыңар» деген сөзү альянстын Москвага карата катуу позициясын айгинеледи. Кремль өз кезегинде Россияга карата НАТОнун кандайдыр бир коркунуч аракеттери жоопсуз калбай турганын эскертип келет. Натыйжада, бул тирештин өзөгүндө коопсуздук маселеси гана эмес, дүйнөлүк таасир үчүн күрөш, аскердик баланс жана жаңы эл аралык тартип маселеси турат.

НАТОнун негизги артыкчылыгы – анын биримдиги жана ресурстары. Альянска кирген мамлекеттердин жалпы экономикалык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын мүмкүнчүлүктөрүнөн кыйла жогору. АКШнын аскердик кубаты, Европанын өнөр жай базасы жана биргелешкен коргонуу системасы НАТОго чоң артыкчылык берет.

Мындан тышкары, альянстын 5-беренеси боюнча бир мүчө мамлекетке жасалган кол салуу бардык мүчөлөргө каршы жасалган аракет катары каралат. Бул фактор потенциалдуу атаандаштарды кармоочу механизм катары кызмат кылат.

Бирок НАТОнун алсыз жагы да бар. Альянстын ичинде бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктары дайыма эле бирдей эмес. АКШ менен Европанын айрым мамлекеттеринин Россияга карата саясаты, аскердик чыгымдар жана тышкы саясат боюнча пикир келишпестиктери бар. 

Ал эми Россия НАТОнун инфраструктурасынын өз чек араларына жакындашын негизги коопсуздукка жаралган коркунуч катары кабыл алат. Россиянын күчтүү жактары – чоң аскердик потенциалы, өзөктүк куралы, энергетикалык ресурстары жана аскердик өнөр жайынын кубаттуулугу. Андыктан Москва узакка созулган тиреште өзүнүн ресурстарына жана стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнө таяна алат. Демек, эгер тиреш саясий жана дипломатия кайым айтышуудан чыгып, аскердик кагылышууга жетсе эки тарап тең чоң жоготууга учурай турагын анык.

Россия үчүн негизги кыйынчылыктар экономикалык чектөөлөр, технологиялык санкциялар жана Батыш өлкөлөрүнүн биргелешкен басымын жогуралат. Узак мөөнөттүү тиреш өлкөнүн экономикасына жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө кошумча оорчулук жаратат. Аскердик чыгымдардын өсүшү экономикалык басымды күчөтөт. 

Ал эми Европа үчүн Россия менен тиреш энергия коопсуздугуна, соода байланыштарына жана саясий туруктуулукка таасирин тийгизет. Ошентсе да Европа өлкөлөрү НАТО менен кызматташтыкка муктаж. Анткени коопсуздукту камсыздаган кепилдик катары карайт. Айрыкча Чыгыш Европа мамлекеттери Россиядан мүмкүн болгон коркунучтарга каршы альянстын колдоосун маанилүү деп эсептешет.

Эң негизги кооптуулук Россия менен НАТО ортосунда түз аскердик кагылышуу дүйнөдөгү эң коркунучтуу сценарийлердин бирине айланат. Себеби, эки тарап тең ири аскердик мүмкүнчүлүктөргө, анын ичинде өзөктүк куралга ээ. Мындай жаңжалдын жеңүүчүсү болушу күмөн. Алгачкы этапта кайсы тарап тактикалык артыкчылыкка жеткени маанилүү болушу мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү согуш бардык катышуучулар үчүн чоң экономикалык жана гуманитардык жоготууларды алып келет.

Ошондуктан Россия да, НАТО да түз кагылышуудан качууга кызыкдар. Негизги күрөш азырынча дипломатиялык басым, санкциялар, маалыматтык тиреш жана аскердик даярдык деңгээлинде жүрүп жатат. Эки тарап тең өзүнүн коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргоп жатканын билдиргени менен, алардын аракеттери дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүдө.

Бул күрөштө абсолюттук жеңүүчү болбойт. Эгер тараптар диалогдун ордуна күч көрсөтүүгө гана басым коюшса, анын кесепети жөнөкөй жарандарга, экономикага жана дүйнөлүк туруктуулукка тиет.

Последние новости