www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Президенти Владимир Путин Крым жана Севастополду өнүктүрүү мамлекеттик программасын 2030-жылга чейин узартуу сунушун колдоду. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.
— “Макулдук берилди. Бул чечим кабыл алынды деп эсептейли," - деп, мамлекет башчысы вице-премьер Марат Хуснуллин тарабынан профилдик жыйында айтылган демилгеге жооп кайтарды.
Хуснуллин билдиргендей, "Биз жакшы темпте бара жатабыз, эл жакшы нерсеге көнүп калды, бул жакшы басыгыбызды түшүргүбүз келбейт. Ошондуктан, биздин "Жашоо үчүн инфраструктура" улуттук долбоорубуз 2030-жылга чейин пландалып, 2036-жылга чейин болжол менен аныкталгандыктан, бүгүн сизден ушул программаны (Россиянын "Крым Республикасы жана Севастополь шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү" мамлекеттик программасы – ТАСС) 2030-жылга чейин узартуу чечимин кабыл алууну суранып жатабыз. Акыркы жылдардагыдай каржылоо көлөмү сакталса деген суранычтабыз."
Вице-премьер белгилегендей, каражаттын деңгээлин сактоо туруктуу пландарга жетүүгө мүмкүндүк берет. "Кезекте турган көптөгөн милдеттер бар, жана узак мөөнөттүү программа аркылуу гана сиз койгон бардык тапшырмаларды аткара алабыз", - деп кошумчалады вице-премьер.