www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram каналына АКШнын ЕККУдагы өкүлү Майкл Карпентердин россиялык кабарчыларга жасалган чабуул боюнча айткандарын сынга алган постун жарыялады.
Карпентер РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлевдун украиналык куралдан каза болгонуна комментарий берип жатып "прессанын өкүлдөрүнө кандай гана чабуулдар болбосун сынга алабыз" деген.
"Биринчиден, "кандай гана чабуулдун" курмандыктарынын жана агрессорлордун аты болот. Аты — Ростислав Журавлев. Агрессор — Киев режими. АКШ бул ысымдарды атоодон кайпактап качып, тайсалдабашы керек. Экинчиден, бир маалда эле журналисттерге жасалган чабуулду сындап жана кол салгандарга демөөрчүлүк кылбаш керек", — деп жазган Захарова.
Ал АКШ Киев режиминин террордук ишмердүүлүгүн түздөн-түз каржылаарын айткан.
"Алар эч качан "чабуулду сындай" алышпайт. Себеби ал өздөрүнүн акчасына жасалып жатат", — деп кошумчалаган ал.
Эске сала кестек, РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлев журналисттер тобу менен 22-июлда Запорожье облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна кабылып, каза тапкан. Коргоо министрлиги бул кассеталык окторду колдонуунун кесепети экенин билдирген.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Журавлёвдун өлүмүнө күнөөлүүлөр, Киевди кассеталык бомба менен камсыз кылгандар жазасын аларын айткан.
Булак: NazarNews.kg