www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-майда Россиянын Забайкал крайынын Карымское аймагында болгон жол кырсыгынын кесепетинен Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу 21-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, Чернышевск-Чита каттамы боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу кыргызстандыктар набыт болгон.
Бүгүнкү күндө РФнын компетенттүү органдары окуя боюнча тергөө жүргүзүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
«Кыргызстандын Красноярск шаарындагы элчилигинин канцеляриясы каза болгондордун жакындары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгондордун сөөгүн мекенин жеткирүү маселеси иштелип жатат», - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.