www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда көп балалуу болууга калыптанган көз караш жакшы жакка өзгөрө баштады. Бул тууралуу коомдук пикирди изилдеген Жалпы россиялык борбордун башкы директорунун кеңешчиси Елена Михайлова "Жаңы мезгил үчүн күчтүү идеялар" аттуу форумда билдирди.

Иш-чара Москва шаарында өтүп жатат.

Анын айтымында, көп балалуу үй-бүлөлөр боюнча жагымдуу динамика түзүлдү. Мындан 10-15 жыл мурда эле көп балалуу үй-бүлөлөрдүн сынга кабылышы талкууланып келген.

"Январда изилдөө жүргүзгөнбүз. Россиялыктардын 50 пайызы үчтөн көп баласы бар үй-бүлөлөрдү идеалдуу деп аташты. Ал эми эки пайызы үйдө бир эле бала болушу керек деп эсептейт. Башкача айтканда, акырындык менен көп балалуу болууга көз караш өзгөрүүдө", — деди Михайлова.

Форум 19-20-февралга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости