www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык Аман Батырбеков Россиянын Нижневартовск шаарында үч жашар баланын өмүрүн сактап калды. Маалыматты Югра полиция бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка ылайык, бөбөк 8-кабаттын ачык терезесинде отуруп алгандыктан өмүрүнө кооптуулук жаралган.

"Баланын апасы аны керебетке бутунан байлап коюп кетип калган. Бирок ал ачык турган терезенин кырына чыгып, буюмдарды ыргыта баштаган. Муну байкап калган кыргызстандык Батырбеков 9-кабаттагы коңшусунукунан аркан менен түшүп, баланы куткарып калган", — деп жазылат маалыматта.

Аман Батырбеков тартип сактоо кызматкерлери келгенче күтүп турган. Кайдыгер карабаган кыргызстандыкка Югра полициясы ыраазычылык билдирген.

Аял чүрпөсүн аз убакытка эле таштаганын билдирген. ЖМКлар аялга баласын коркунучта калтырганы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын жазышууда.

Последние новости