www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын жарандарына Россия Федерациясында айдоочу болуп иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо. Бул боюнча бир гана Россиянын правасын окуп алгандар айдоочу болуп иштөө укугун караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ ченемдик укуктук актылар порталында жайгаштырылган.

Документтин түшүнүк катында азыркы “Жол коопсуздугу жөнүндө” мыйзам Кыргызстандын жана орус тили расмий деп таанылган өлкөлөрдүн жарандарына автобус же такси айдоочусу болуп иштөөгө уруксат берери айтылат. Бирок долбоорду иштеп чыгуучулар мыйзамдан мындай жобону алып салууну сунуштап жатышат. Ошентип, жакынкы келечекте эч кандай альтернативасыз бир гана Россиянын правасын алгандар айдоочу болуп иштөөгө уруксат берилет.

Кошумчалай кетсек, демилгенин авторлору түшүндүрмө катында кырсыктарга көбүнчө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения жана Азербайжандын жарандары күнөөлүү экенин баса белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости