www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигинин курамында Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселелери боюнча кызматты түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документте жаңы кызмат миграция жаатындагы мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү максатында түзүлгөндүгү айтылат.

Жарлык менен ИИМде ички иштер министринин биринчи орун басары Жарандык жана чет өлкөлүк жарандарды каттоо маселелери боюнча кызматтын башчысы штаты пайда болду. Президенттин өзүнчө жарлыгы менен бул кызматка башкы прокурордун орун басары Андрей Кикоть дайындалды.

ИИМдин өкүлү Ирина Волк жаңы кызматтын түзүлүшү миграциялык маселелерди натыйжалуу чечүүгө жана иштин динамикасын жогорулатууга» мүмкүндүк берерин түшүндүрдү.

«Негизги милдет миграциялык процесстерди тартипке келтирүү, мигранттардын Россиянын мыйзамдарын сакташына багытталган чараларды ишке ашыруу, мыйзамга каршы ишмердүүлүктү азайтуу болуп саналат», - деп жазды Волк Телеграмда.

2016-жылдын 5-апрелинде Путин Федералдык миграция кызматын жойгон. Анын функциялары жана ыйгарым укуктары ИИМдин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 2024-жылдын декабрь айында Путин ИИМдин алкагында миграция чөйрөсүндө иш алып бара турган өзүнчө күчтүү борбор түзүү зарылдыгын билдирген.

Последние новости