www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Агартуу министрлиги мигранттардын балдарын орус тил сыноосунан өткөрүп турат. Тесттин жыйынтыгы менен алар кошумча курстарга жиберилиши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттик угуу маалында министр Сергей Кравцов билдиргенин опус басылмалары жазып чыкты. 

"Коммерсантъ" басылмасы жазгандай, буга чейин орус коомунда бул темада талкуулар жургөн. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев мигранттардын балдарынын 50-70% орусча начар сүйлөшөт же такыр билишпейт деп айткан. Фадеев Москва жана Петербургда андай балдардын саны 20% жетерин кошумчалаган.

“Адилеттүү Орусия” партиясы чет элдик же орус тилин жакшы билбеген окуучулардын санын 10% чейин чектөөнү, ал эми айрым мектептерде тилди акча төлөп окутуу курстарын киргизүүнү сунуш кылды.

Орус тилин билүү деңгээлин аныктоодон тышкары министрликтин порталында "баланын социалдык-маданий нарк-насилин (адаптациясын) баалоо" тесттери жарыяланганын “Свобода” радиосу жазды. Жогорку класстагылар Орусиянын тарыхын жана маданиятын канчалык билет деген сыноодон өтүп турмакчы.

"Платформа" деген Социалдык долбоорлоо борборунун директору Алексей Фирсов "Коммерсант" менен болгон маегинде тарых боюнча суроолорду сындап, динге көп көңүл бурулганын айтты.

Эксперттер орус тилинин кошумча курстарын ким каржылайт деген суроо ачык калганын, мигранттардын чамасы ага жетпесин белгилешет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости