www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгород облусундагы полигондо КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны чыгарган октон 11 адам каза болуп, дагы 15и жарадар болгонун Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

«Эки террорист жооп кайтаруу менен жок кылынды», — деп айтылат маалыматта.

15-октябрда Белгород облусундагы Батыш аскер округунун полигонунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин эки жараны теракт жасаганын РФ Коргоо министрлигинен билдиришти.

Атайын аскердик операцияга өз ыктыяры менен катышууну каалаган адамдар менен ок атуучу машыгууларды өткөрүүдө террористтер бөлүктүн өздүк курамына ок атуучу куралдан ок чыгарышкан.

Атышуулардын натыйжасында 11 адам каза болгон. Дагы 15 адам ар кандай оордуктагы жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын Орусиянын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.

Атышуу тууралуу маалымат расмий тастыкталганга чейин ок аткандар Тажикстандын жарандары экени, алардын бири качып кетүүгө үлгүргөндүгү маалымдалган.

Nexta гезити атышуу Солоти айылына жакын жердеги машыгуу полигонунда болгонун жазат. Мобилизацияланган адамдар бар, аларды Донецк облусуна жөнөтүүгө, Лиманга чабуул жасоого даярдап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости