www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" фитосанитардык текшерүү постунда Россиядан келе жаткан ири көлөмдөгү жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-майда курулуш материалдарды текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталган. Башкача айтканда, фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар транспорттук (товар коштоочу) документтерге дал келген эмес жана товарды алуучулардын даректери ар башка көрсөтүлгөнү белгилүү болду.

Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартибине ылайык, аталган жүк токтотулуп, артка кайтарылды.

Последние новости