www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев Россия президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Вашингтондо Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Иш-чара 2-3-апрелде АКШда болгон.

Аталган фонддун башкы директору сапарынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү белгилеген:

Россия менен АКШ акыркы эки күндө көптөгөн маселелер боюнча алдыга үч кадам таштап, жылыш болду;

Американын бир топ компаниясы Россия рыногуна кайтып келүүнү каалайт. Россиядан кеткенден кийин алар 300 миллиард долларга жакын каражатын жоготушкан;

Арктикадагы жана сейрек кездешүүчү металлдар боюнча кызматташуу маселелери талкууланды;

өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат;

Москва менен Вашингтондун ортосунда дагы эле пикир келишпестик бар, бирок тараптар аларды жоюуга аракет кылууда. Буга каршы күчтөр Россия менен АКШнын ортосундагы диалогду бузууга далалаттанып жатышат;

Трамптын администрациясы Москванын позициясына кайдыгер эмес;

Россия санкцияларды жумшарткыла деп суранбайт.

"Көз караштарыбыз, пикирлерибиз келишпей калган маселелерди чечүү үчүн дагы бир нече ирет жолугууга туура келет. Башкысы, Трамптын администрациясынын жана маанилүү өкүлдөрүнүн суроолорду чечүүгө камданган оң маанайын көрүп турабыз", — деген Дмитриев.

Последние новости