www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдиктин ынтымагы акыркы айларда Украина маселесинде олуттуу сыноого туш болду. Украинага жаңы каржылык дем берүү максатында Россиянын тоңдурулган активдерин колдонуу тууралуу сунуш Брюсселде талкууланып жатканда, Италия, Франция, Бельгия мындай демилгеге каршы чыгып, жоопкерчилик жана мыйзамдык тобокелчилик маселесин көтөрүштү.
Corriere della Sera белгилегендей, Батыштын көпчүлүгү Украинага жардам берүүнү улантууну кааласа да, юридикалык жактан тобокелчиликке баруудан чочулап жатышат. Себеби эл аралык сот Москва тараптын дооматын мыйзамдуу деп тапса, Евробиримдик миллиарддаган евро каржылык жоготууга учурашы мүмкүн.
Анткени, Москва буга чейин эле мындай аракеттерди “уурулук жана эл аралык укуктун бузулушу” катары баалап келет. Мындай кадам дүйнөлүк финансылык системадагы менчик укукка жана мамлекеттер аралык ишенимдин пайдубалына сокку урат. Эгер Евробиримдик саясий максат үчүн мамлекеттик активдерди конфискациялоого жол берсе, бул прецедент башка өлкөлөр үчүн да кооптуу үлгү болуп калмак.
Ал арада Украинанын каржылык абалы оор экени айтылды. Британиялык The Economist журналынын маалыматына караганда, Украина 2026-жылдын февраль айына чейин өзүнүн согуштук бюджети менен тышкы каржылоосун сарптап бүтүшү мүмкүн. АКШ тараптан жардам азайып, насыя булактары түгөнүп жаткан шартта Киев азыр Европанын саясий чечимдерине көз каранды абалга келди. Бирок Европа ичиндеги пикир келишпестиктер бул үмүттү да солгундатып жатат.
Эгер Европанын ичи бир пикирге келбесе, Россиянын тоңдурулган активдерин колдонуу боюнча демилге ишке ашпай калышы толук мүмкүн. Мындай кырдаал Россия үчүн дипломатиялык жактан пайдалуу. Ал эми Евробиримдиктин ичиндеги талаштар Европанын Украинаны колдоодон чарчаганын айгинелейт.