www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков КРСУда өтүп жаткан "Славян университети — 2050: келечеги жана артыкчылыгы" аттуу панелдик дискуссияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн мисал келтирди.

Иш-чарада Кыргызстандын билим берүү министри орус тилинин КРдеги ордун белгилеген. Андан соң Валерий Фальков сүйлөгөн.

"Орус тилин үйрөнүүгө өзгөчө басым жасап жатканыңызга рахмат. Тилди мындан да жакшы окутуп-үйрөтүү үчүн шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Бүтүндөй дүйнө жүзү тааныган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн мисал келтирип кетейин. Ал абдан акылдуу адам болгон. Айтматов "Адам өз тилин дилинде ыйык тутса, ал эч качан башка тилди чанбайт. Кыргыз баласына бул эки тил бир куштун эки канатындай" деп абдан туура айткан", — деди Фальков.

Министрлер дискуссия учурунда мугалимдер менен педагогдорду билим берүүнүн бардык деңгээлине даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек деген тыянакка келишкен.

Валерий Фальков КРСУну 30 жылдыгы менен куттуктап, окуу жайдын жамаатына талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости