www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Коргоо министрлиги "Вагнерчилерге" кайрылуу жасап, алардын аскерлери өз каталарын түшүнүшкөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
"Силердин бир нече отряддагы аскерлериңердин көбү өз катасын түшүнүп калышты. Туруктуу жайгаштырылган жерлерине аман-эсен кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жардам сурашууда. Биз тараптан аскерлерге, командирлерге жардам көрсөтүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
"Вагнердин" аскерлерин этият болууга жана Коргоо министрлигинин же укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен мүмкүн болушунча тезирээк байланышууга чакырган.
Белгилей кетсек, кечээ түнү Федаралдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдиргендей, социалдык тармактарда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине бомба жана ракеталык чабуулдар жасаганын айтып чыккан.
Россиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин тараткан бул маалыматтары чындыкка дал келбейт турганын жана маалыматтык провокация экенин билдирген.
Аталган жагдайлар боюнча Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирүү тараткан.
"Мен Россиянын президенти жана Жогорку Башкы колбашчысы катары, Россиянын жараны катары өлкөнү коргоо, конституциялык түзүлүштү, жарандардын өмүрүн, коопсуздугун жана эркиндигин коргоо үчүн бардыгын жасайм.
Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоң жолуна жана террордук ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат. Алар мыйзам алдында жана элибиздин алдында жооп берет", - деген ал.
Булак: NazarNews.kg