www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн геосаясий түзүмүнө таасир этип жаткан Россия менен Украинанын жаңжалында Россиянын жеңем деген планы болсо, ал эми Украинаныкы эптеп жан багуунун айласы экени ачык айтыла баштады.  

Москва өзүнүн «жеңүү планын» ачык билдирип, ар бир кадамын геосаясий шахмат тактасында эсептеп жатса, Киев менен анын союздаштары азырынча бирдиктүү оюн схемасын көрсөтө албай келет. Башкача айтканда, Украинаны шыкактап, отко салып берген Европа “алакан жайган” кырдаалга жетип калды. 

Бул пассивдүүлүк чарчоо же саясий чаржайыттык эмес. Бул жагдай стратегиялык жактан АКШ менен Европанын ортосундагы позициянын ар түрдүүлүгүн билгизет. Батыштын “ыргылжың” абалы Украинанын үмүтүнө суу себүүдө.

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Вадим Ивченко бул реалдуулукту моюндап: “Азыр сүйлөшүү болсо анын шарттары 2022-жылдагы Стамбул вариантынан алда канча оор болот”, - деп билдиргени бекеринен эмес. 

Бул аралыкта Москва тезирээк тынчтыктын орношуна кызыкдарлыгын билдирип, бирок ал Россиянын геосаясий кызыкчылыктары эске алынган гана форматта болушу керектигин белгилейт. Демек, Кремль “тынчтыкты” эмес, “жеңишти тынчтык формасында” көздөп жатат.

Последние новости