www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык эмес өзөктүк куралды колдонуу боюнча өткөрүп жаткан машыгуусу жөн гана кагылган коңгуроо эмес.

Аскердик эксперт Александр Хроленко  Россиянын тактикалык өзөктүк куралдарынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.

Килотонналык аргумент. Тактикалык өзөктүк куралдарга 5 500 чакырымга чейинки аралыкка жетип талкалаган жана дүрмөттүн бир эле башы 300 кт тротилдик кубаты бар каражаттар кирет. Анын бирөөсү эле жыйырма Хиросимага чак келет.

Көз ачып-жумганча жасалган чабуул. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн ондон ашык ракеталык бригадалары "Искандер" менен камсыздалган, алардын өзөктүк дүрмөтүнүн кубаттуулугу 50 килотоннага чейин болот. Бригада эки минутада 24 ракета менен сокку урууга жөндөмдүү, күчөтүлгөндөрүнүн залпы — 32 ракета. "Искандерлер" 500 чакырымды төрт минутада эле басып өтөт.

Бутадагы НАТО. Машыгуулардын экинчи этабында Россияга кошула турган Беларустун аймагында альянстын абадан коргонуусу үчүн жеткиликсиз болгон "Искандердин" диапазону жана майнаптуулугу беларус адистерине Польшаны, Словакияны, Литваны, Латвияны, Эстонияны жана Украинаны бутада кармап турууга мүмкүндүк берет.

Аскер-деңиз флотунда болжол менен тактикалык өзөктүк 830га чукул курал, ал эми Аба-космостук күчтөрдө тактикалык өзөктүк куралды ташып жеткире турган 500гө жакын учак бар.

"Албетте, Россиянын түштүгү менен Беларустагы машыгууларынын жүрүшүндө иш өзөктүк дүрмөттөрдү жардырууга чейин жетпейт. Анткен менен РФтин Куралдуу күчтөрү америкалык мифологияны акырындык менен бузуп, "үстөмдүктү" жана ага кол жоолук болгондорду координаттардын жаңы системасына кайтарып келүүдө", — деген эксперт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости