www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ тараптан болгон кезектеги антироссиялык санкциялар Москванын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, финансылык жана технологиялык суверенитетин бекемдөө багыттарынын негиздүү экендигин билдирет. Бул тууралуу РФтин Вашингтондогу элчилигинен айтты.
Буга чейин бейшембиде Вашингтон, Канада жана ЕБ Россияга карата жаңы санкциялар киргизилгендиги боюнча кабарлаган.
Вашингтондун санкциялык тизмеси Россиянын финансы, тоо кен, технология жана аскерий тармагына байланышы бар жүздөн ашык юридикалык жана жеке тараптарга көбөйгөн.
"Ак үйдүн деструктивдүү кадамдары Россия Федерациясынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, финансылык жана технологиялык суверенитетин бекемдөө жаатындагы багыттары негиздүү экендигин бекемдеди. Дүйнөлүк экономикалык, финансылык байланыштарды долларсыздаштырууну тездетүү процесстерине альтернативалардын жоктугун кайрадан бөлүп көрсөттү", — деген элчиликтен.
Дипломаттар Батыштын аракетин "гибриддик согуш" деп аташты. Алар репрессиялык жаңы раунд аркылуу Россиянын аскердик өнөр жай комплекси менен энергосекторунун мүмкүнчүлүгүн чектеп, аны менен катар эле эл аралык финансылык системага жеткиликтүүлүктү татаалданткысы келишкен.
Булак: NazarNews.kg