www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Француз банкири Барон Бенжамин де Ротшильд Швейцарияда 57 жашында көз жумду. Бул тууралуу, 16-январда Франс Пресс агенттиги барондын үй-бүлөсүнө шилтеме берүү менен билдирди.
«Ариан де Ротшильд жана анын кыздары Бенжамин де Ротшильд каза болгондугун билдиришти. Бул алар үчүн абдан кайгылуу", - деп билдирди агенттик.
Банкирдин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгону айтылууда. Ал 15-январда Швейцариянын Прени шаарындагы резиденциясында көз жумган. Де Ротшильд 1963-жылы Франциянын Нойес-Сюр-Сен шаарында Ротшильд каржылык династиясынын мүчөсү Эдмонд де Ротшильддин үй-бүлөсүндө туулган. Бенджамин 1997-жылдан бери Эдмонд де Ротшильд Холдингди башкарып келген жеке банк жана активдер тобу - Эдмон де Ротшильд Холдингдин директорлор кеңешинин төрагасы. Маалыматка ылайык, топтун мүлкү болжол менен 160 миллиард еврого бааланган.
Умиджон Нозимжонов, Ташкент
Булак: NazarNews.kg