www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грекиянын Родос аралынан 19 миңдей киши эвакуацияланды. Бийлик 23-июлда билдиргендей, үч күндөн бери ал жактагы токойду ири өрт каптап жатат. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жана туристтер бар.
Климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргоо министрлиги элдин көчүрүлүшүн "токойдогу өрткө байланыштуу эң чоң эвакуация" деп атады. Полициянын маалыматына караганда, алты адамдын дем алуу органдары жабыркап, алар кыска убакытка ооруканага жаткырылды.
Жеринде ондогон өрт өчүрүү техникасы, жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат. Түркиядан жана Хорватиядан да адистер жардамга барганын AP агенттиги жазды.
Тилсиз жоо айрыкча Родостун тоолуу бөлүгүндө күч алган. Өрт өчүрүүчүлөр анын чытырман токойлорго жайылышын токтотууга аракет кылып жатат.
Метеорологиялык кызматтар Европанын түштүгүндө алдыдагы бир нече күндө рекорддук ысык болоорун буга чейин эскертип, Испания, Италия жана Грекияда адаттан тыш аптап болоорун кабарланган.
Июлдун ортосунда Испаниянын Атлантикадагы Пальма аралында токойдогу өрттөн улам 4 миңге жакын киши эвакуацияланды.
Булак: NazarNews.kg