www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Руслан мырза, бийликтин хансарай салуу боюнча демилгесине көпчүлүк нааразы болуп, талкуу жаралды. Сиз кандай ойдосуз?

- Кыргызстанда учурда 1 678 000 (бир миллион алты жүз жетимиш сегиз миң) мекендешибиз жакыр. 17 жашка чейин 834 000 бала (!) каатчылыкта жашайт. 3 жаштан 5 жашка чейин бөбөктөрүбүздүн дээрлик 80%ы бала бакча жоктугунан бара алышпайт. 670 мектеп жетишпейт.

457 мектеп ремонтко муктаж. Үч нөөмөт менен окуган мектептерди, класстагы 40-45 окуучу, бала бакачалардагы бир группадагы 70-80 бала жөнүндө маалыматтарга көндүк.

Бейтапканалардын тирукмуш абалына жүрөгүң ооруйт. Өлкөбүздү өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүп, салык төлөгөн бизнес ишкерлерибиз форум, көргөзмө, жолугушуу өткөрө турган жери жок.

Тойкана, мейманкана, соода борбору жана спорт ордосунда өткөрөт. Өндүрүшчүлөр талаалап, өндүрүш зоналарга жетпей койду. Мына, престиж каякка керек?! Кошуналардын баарында экспо-борбор бар. Бир гана бизде жок. “Мигранттар кайтып келет” деп жатабыз. Жок дегенде жумуш ордун көбөйтө турган долбоорлорду баштабайлыбы? А биз эмне кылып жатабыз?

Бир жыл бою тапканыбызды бүтпөгөн шайлоолорго, конституциялык реформаларга коротуп, эми мына кезек хансарайга келди. Дүйнө ар кандай акыркы окуяларга байланыштуу тобокелдиктердин алдын алууга камданып, үнөмдөп, өнүктүрүүгө багытталган тармактарды колдоп жатса, биз чиновниктерге имарат салып жатабыз.

Болгондо да шаардан 16 гектар жерди кармата салып, сүйүнчүлөп отурабыз. Кимге карматканыбызды да билбейбиз. "Экономикада ЧС" деп элди дүрбөттүк. Дагы эле элчилерге тапшырма берип, чет өлкөлөрдөн, дүйнөдөн карыз суратып жүргөнүбүз өкүнүчтүү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости