www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз бийлиги эл аралык террористти Шойгу, Россель алган "Даңк" медалы менен сыйлаптырбы? Мындай суроону саясат таануучу, жарандык активист Руслан Акматбек узатты. 

--"Ошондо тиги эл аралык террорист бизге келип, он миңдеген балдарды окутуп, мекемесин өлкөбүздүн эң ийгиликтүү билим берүү брендине айлантып, эл аралык олимпиадаларда кыргыз туусун желбиретип, айылдан чыккан миңдеген балдарды дүйнөлүк деңгээлге чыгарыптырбы?

Кыргыз бийлиги да ошол эл аралык террористке, кылмышкерге кыргыз билим берүүсүнө кошкон салым үчүн жетине албай Чоротегин, Шойгу, Россель алган "Даңк" медалы менен сыйлап, ардак грамотасын тапшырып, анан билим берүү отличниги деп жарыялаптырбы?!

Айланайын, эки жүздүүлүктүн да чеги болот", - дейт активист. 

Кошумчалай кетсек, "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы "куралдуу террордук уюмду башкарган" деген айып менен камакка алганы кабарланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости