www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-июнда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дүйнөдөгү эң ири бийик тоолуу кендеринин бири Кумтөр долбоордун ар кандай баскычтарындагы коррупция фактыларына байланыштуу кылмыш иштери боюнча иликтенип жаткандыгын жарыялады. Кумтөр республиканын ИДПсынын 10% дан ашыгын камсыз кылат. Бул иш боюнча ондогон аткаминерлер жана 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнү башкарган мурдагы президенттердин бардыгы - Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков - айыпталуучулар катары каралууда. Чет өлкөдө жашап жаткан Акаев жана Бакиев эл аралык издөөгө жарыяланган. Бул постсоветтик мейкиндик үчүн пара жолу менен уурдалып ээленген (түзмө-түз жана каймана мааниде) миллиарддаган долларлык алтынды кайтарып берүү боюнча улуттук өкмөттүн буга чейин болуп көрбөгөндөй аракети жөнүндө сөз болуп жатат.
Кыргызстан Россиянын эң достош мамлекеттеринин бири болуп саналат. Ал Евразия экономикалык биримдигине жана Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна кирет, орус тилинде өлкөнүн калкынын жарымы эркин сүйлөйт жана анын расмий статусу Конституцияда бекитилген. Бул өлкө Тянь-Шань жана Памир-Алай системасынын батыш жана борбордук бөлүгүндө жайгашып кайталангыс табиятка жана пайдалуу кендердин запастарына ээ.
Тилекке каршы, 30 жылдан бери жаш республиканын жетекчилери экономиканы көтөрүү менен алектенбей, Советтер Союзунан калган же жердин катмарындагы байлыктарды талап тоноого гана умтулушту. Натыйжада Кыргызстан Азиянын эң жакыр өлкөлөрүнүн бирине айланды, жана жарандардын бир кыйла бөлүгү чет өлкөгө, биринчи кезекте Россияга кетип, акча табууга аргасыз болушкан.
Кумтөр кенин 1978-жылы советтик геологдор табышкан.
1997-жылы канадалык "Камеко" тоо-кен компаниясы Кумтөрдө алтын өнөр жайлык өндүрүштү баштаган. 2003-жылы компания кен ишканасын Кыргыз Республикасына бардык негизги фонддор менен өткөрүп бериши керек эле. Бул убакыттын ичинде алтындын баасы бир кыйла көтөрүлүп кеткен, ошондуктан канадалыктар ошол кездеги президент Аскар Акаевди коррупциялык схемага аралаштырды.
Өткөн күздө кезектеги революциянын натыйжасында Жапаров түрмөдөн бошотулган жана ушул жылдын январында Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Өзү сыяктуу эле, 9 жыл бою Кумтөрдү жапайы эксплуатациялоого каршы күрөшкөндүгү үчүн сот жообуна тартылган шериктештери менен биргеликте, кенди мамлекеттик көзөмөлүнө кайтаруу процессин баштады. Жапаров жакын арада бул ишти жүзөгө ашырды, бирок кендин мурунку жетекчилиги кенди "санариптик мээден" ажыратууга аракет кылат - бардык IT жабдууларын жана программалык камсыздоосун алып чыгарат (системаларда бир топ татаал маселелер бар болчу, анын ичинде тектердин массаларынын кыймылы тууралуу көзөмөлдөө маалыматтары).
Ошого карабастан, азыркы учурда ишкана иштеп жатат жана Жапаровдо эми Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин бир кыйла жана кыска мөөнөттө көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар.
Азыр эл аралык рыногундагы валюталардын туруксуздугуна байланыштуу алтындын баасы өсүүдө. "Капекстер" жана "опекстер", биз буга чейин билгендей, миллиарддаган долларлардан киреше алып келишет. Бирок мурда кирешелер республика жетекчилеринин жеке үй-бүлөлүк бюджеттерине түшүп турчу, ал эми мамлекеттик бюджет эң көп 6-7% пайда көрчү. Ошол 6-7% мамлекеттин кирешесинин 20% ын камсыздачу. Эми бул кирешелер 100% бойдон мамлекетке түшкөнүн элестетиңиздер.
Албетте, мурдагы Кумтөрдүн кожоюндары 20 жылдан бери улуттук байлыктарды тоноп уурдап келишкен соң, азыркы республиканын жетекчилигине өтө катуу басым жасап келүүдө, жана алардын басымы эл аралык саясий аренада дагы жок эмес. Эң кызыктуу суроо бул өз жолуна тайбаганга Садыр Жапаровдун эрки жетеби?
Александр Лебедев,
Улуттук инвестициялык кеңештин президенти,
Экономикалык илимдердин доктору
Булак: NazarNews.kg