www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүүнү сунуштап, мыйзамды коомдук талкууга чыгарды. Буга эмне негиз болуп жатат? Бюджетти толтуруу аракетиби?
- Урандын экологияга жана ден соолукка зыян келтирерин адистер айтып келишет. Мен бул боюнча эксперт эмесмин, бирок маселе акыркы учурда бийлик бир демилгени көтөрүп, кайра эле чечиминен артка кайтып жатканында болууда.
Туруктуулук жок, чыгарган чечимдер боюнча анализди көрбөй жатам. Мындай программа бар беле? Болсо кандай максатты көздөйт? Же ортодон эле бирөө чыга калып сунуштап жатабы? Белгисиз.
Экинчиден, эксперттер арасында «муну сунуштап жаткандардын арасында адискөй кызматкерлердин жоктугунан шалаакылык орун алып калабы?» деген күмөн саноолор көп айтылууда.
Ошондуктан, иш билбегендердин айынан айлана-чөйрө зыянга учурап калышы мүмкүн. Коррупция гүлдөп, кадр саясаты да анча эмес болгондуктан, сөзсүз кесепети тийет.
- Балким, демилгечилер бюджеттин таңкыстыгын, экономиканын абалын эске алып сунуштап жаткандыр...
- Бул жерде кызыктуу жагдай жарылды: булар Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында экономиканы түзүп келген, жаманбы-жакшыбы салымын кошуп жүргөн ички динамикага көңүл бурбай эле, бир туруп «казино ачабыз» дейт, бир туруп «Асман шаарын курабыз» дейт, эми «уран» дейт...
Чынын айтсам, кирешелүү сектор деп ошол эле туризмди айтсак жарашат. Биз болсо бул жакка келген пакистандыктарды эмне кылдык? Туризм бизде калыптанып калган тармак, мында ишкерлер бизнесин жасайт, карапайым элдерге жумуш орундары түзүлөт, тейлөө тармагында канчалаган балдар кыздарыбыз иштейт.
Муну дагы да өнүктүрүп, өстүрө берсек, мамлекет үчүн пайда эле алып келет. Бул жакка акча салуунун же мыйзам иштеп чыгуунун кереги жок.
Болгону ишкерлерге жакшы шарттар жетиштүү. Бирок, биз оокат кылып калган туризм, тейлөө, кайра иштетүү тармактарын карабай эле кайдагы жеке кыялдарга жетеленип жатабыз. Уран казуу кимге канча көлөмдө жана качан пайда алып келери түшүнүксүз.
- Бюджеттин тартыштыгын жоюуга кандай аракеттер жасалышы керек?
- Бюджетти толтурууга бизде газ, нефть сыяктуу ресурстар жок. Бирок, өзүбүздүн чакан ишканаларга маани бериш керек. Министрлер кабинети алардын көйгөйлөрүн унутуп калды. Пандемия болду, андан кийин бийлик алмашты, саясый туруксуздук орун алганына карабастан алардын абалын сурап койгон киши жок. «Акыбалыңар кандай? Кантип жардам бере алабыз?» деген жан болбоду.
Тескерисинче, калыптанып калган ишкерлер сыртка кетип жатышат. Ишкерлер азбы-көпбү салык төгүп, элди иш менен камсыздап, аймактардагы социалдык маселелерди чечишүүдө. «Элди багып жатат» десек да болот. Ушундай факторлорго көңүл бурбай эле жардам сурап, «карыз бер» деп жүрөбүз.
- Сиз айткан пандемия, ошол эле саясый туруксуздук инвестициялык климатты алсыратканы айтылып келет. Демилге колдоого алынса, аны биргелешип иштетүүгө чамынган инвестор чыгабы?
- Мен билгенден Кыргызстанга инвесторлор ар дайым эле келет. Бирок, бул жердеги коррупция, саясый туруксуздуктун, укук коргоо органдарынын чабалдыгынан, ар кандай кысымдардын таасиринен улам долбоорлор ишке ашпайт. Мамлекеттик деңгээлдеги максаттарыбыз дагы жакшы көрсөтүлгөн эмес.
Мындан улам келген инвесторлор кайра кетип калышат. Эң эле жөнөкөй болгон ачыкайкындуулукту да камсыз кылып бере албай келебиз.
Булак: Азия News гезити