www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилге болгон мамилебиз мышык ыйларлык абалда. Жакынкы кошуна өлкөлөрдөй тейлөө тармагында тилибизге болгон талап жок. Айтканыбыз да жок.

Бирок кыргыз тилинде сүйлөөнү талап кылган жараныбыз камакта жатат. Жөн гана эскертүү берсек кандай болор эле? Жакында дагы бир окуяга дуушар болдум. Уулум мектеп босогосун аттап, алгач ата-энелер чогулушу өттү.

“Биз орус класска бермек элек. Жазында эле орун калбай калыптыр. Айла жок кыргыз класска берип жатабыз” деп ата-энелер ызылдашат. Мындай жүрүш менен дагы он жылдан кийин кандай абалга тушугабыз?

Тилчи болбосо да тилин сүйгөн, элин сүйгөн мекенчил, кыргыз кыйырына таанымал инсандарыбыздын тилибиз тууралуу пикирлерин уктук.

Калдарбек Абдраманов, башкы кардиохирург:

- Албетте, 10 миң жыл жоголбогон тилди “өлүк” деп айтканга болбойт. Кыргыз тили ийкемдүү. Мисалы, башка тилдерден айырмаланып, кыргызча бир эле маанини бир канча сөз менен айта алабыз д.у.с., тилчилер чечмелеген сонун жагдайлар арбын. Бирок өкүнүчтүүсү, азыр шаарда жүз миңдеген жаштар, балдар кыргыз тилинде сүйлөмөк турсун түшүнбөй баратат.

Бишкекте 100 орто мектептин болгону 6 мектебинде толук кыргызча окутат. Толук кыргызча бала бакчалар дээрлик жокко эсе! Бул эмне, тилибиздин “өлгөнү” эмеспи!?Анан кантип кыргыз тили толук кандуу өнүгөт эле?

Чычалабай, кемчиликтерди мамлекеттик деңгээлде чечиш керек, антпесе 10-20 жылда чын эле тилибизди кыргыздар өзүбүз өлтүрөбүз!

Булак: Азия News гезити

Последние новости