www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Өзбекстандын Анжиян облусунун баңгизатка каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан ири көлөмдө наркотикалык каражат ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу облустук милицияга шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Пахта-Абад районунун эки тургуну 7,5 миң долларга бааланган 1 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Алар Кыргызстандан Өзбекстанга ири көлөмдө баңгизат ташышчу", — деп айтылат кабарда.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости