www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шевченко журналистке берген маегинде ринг-гёрлз ММА менен такыр байланышы жок деп айтуу калпыстык болорун билдирген.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун сөзүнөн кийин ринг-гёрлз болуп иштеген кыздарды колдоп чыкты. Бул тууралуу Bjpenn басылмасы жазды.

Ринг-гёрлз — аралаш мушташта жана бокста рингге ар раунддун башталышында тактайча көтөрүп баскан кыздар. Алар бикини же кыска көйнөк кийип чыгышат.

Шевченко журналистке маек берип жатып ринг-герлз ММА менен такыр байланышы жок деп айтуу калпыстык болорун билдирген.

"Алар алгачкы ММА турнирлеринен бери келе жатышат. Аларды сырткары чыгарып коюу өтө жаман көрүнүш. Негизи ринг-герлз бул индустриянын ийгиликтеринин бир бөлүгү. Кыздарсыз, фанаттарсыз жана сапаттуу чагылдыруу болбосо турнир суз болуп калмак. Ошондой майда-барат нерселер жалпы картинаны жаратат. Ансыз бардык мушкер азыркыдай деңгээлге жетпесе керек эле. Андыктан ринг-гёрлз биздин чакан жана ири промоушендердин бир бөлүгү болуп кала бермекчи", — деп жазган Шевченко.

Август айында Нурмагомедовдун ринг-гёрлз ММА беттештерин өткөрүүдө пайдасыз адамдар деп айтканы резонанс жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости