www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» маселесинде бийликтин аракетин колдоп трурушубуз керек, биздикилердин тактикасы туура», - деди бүгүн, 18-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, кылым афёрасы болгон «Кумтөр» боюнча кечээ мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды. Президенттер премьер-министрлерди өз максатын ишке ашыруу үчүн тандайбы же тажрыйбасын эске алабы?

- Жоомарт Оторбаевдин «Кумтөр» боюнча кармалышы маселенин кичинекей гана тилкеси десек болот. Маселен, Акаев премьер-министрлерди айтканын эки кылбагандарына карап тандаган.

Кыргыз элине кызмат кылчуларды четтетип, Жумабек Ибраимовду оорулуу экенине карабай премьер-министр кылып дайындап, аны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон. Ошондой эле Кудайбергеновду Кыргызалтынга коюп, көп документтерге кол койдуруп алганын Акылбек Жапаров докладында баса белгиледи.

Ошон үчүн Аска Акаевди суракка алымыш болуп, жылуу-жумшак узатып жибербей чыккынчылыгы үчүн жоопко тартыш керек болчу. Ал «Кумтөр» аферасын уюштургандардын бири. Путиндин көңүлү деп аны аяштын кереги жок болчу.

Анткени, Путин Акаевге окшогон кыргыз элинин душмандарын өз кызыкчылыгына пайдаланат. Оторбаев да Акаевдин кадры. Ал да «Кумтөргө» пайдаланылды. Жакшылап тергесе көп чындык аччыкка чыгат.

- Баса, АКШнын счоту «Центерранын» өтүнүчүн четке кагып, Кыргызстанга ыктаган чечим чыгарыптыр. Бул жерже АКШ соту адилеттүү болдубу же «Центарранын» АКШга тили өтпөй калдыбы?

- Ал жерде АКШнын сотунун мыйзамдын алкагында иштегени анык болду. Ошон үчүн алар «Центеррага» эмес, Кыргызстанга ыктаган чечим чыгарды. Эң негизгиси «Центерра» кыргыз чиновниктерин сатып алгандай ал жактан сотторду сатып алалган жок. Алдыда дагы көп иштер турат. «Центерра» ушу менен эле токтоп калбайт.

Ошентсе да, чындыкты далилдегенден тажабашыбыз керек. Бул жерде биздин бийликтин аракетин туура деп кабыл алышыбыз керек. Баарынан купулума толгон биздин бийлик жалдаган жактоочулар туура тактика менен иштеп жатышат. Кудай колдосун деп туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости