www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтүп жатат.

Анда жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү беш маселе каралууда.

Жыйында депутат Руслан Казабаева учурдагы кырдаалга байланыштуу прремьер-министр ачык-айкын элге болгон маалыматты берип турса тууруш керектигин айтты.

Ошондой эле, ал өзгөчө абалды вирустун жугушунун туу чокусуна жеткенче өзгөчө абалды кармаш керектигин билдирди.

“Дүйнөдө вакцина табылып, туу чокусуна жеткенге чейин өзгөчө абалды кармайсыздар. Жеңдик деген Сингапур менен Түштүк Кореяда кайрадан башталды. Демек, али адамзат вакцинаны таба албай жатат. Өзүңүздөр угуп жатасыздар, вакцина Германияда, Америкада, Израилде табылды деп атат. Бирок табылып, алардын экспертизадан, лаборотордук изилдөөдөн өтүп, иштелип чыкканча эң аз дегенде 8 ай, бир жыл керек деп атат. Демек, биздин жарандар туура түшүнүш керек. Бул дарылар бизге келгенче бир жыл кетет. Бир жыл белди бекем бууп, каалайбызбы каалабайбызбы, бирөө жагабы, жакпайбы ошентип жашашыбыз керек”,-деди депутат Руслан Казабаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости