www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев Индия элчиси менен жолукту

Бүгүн, 17-ноябрь күнү тышкы иштер министри Р. Казакбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси А. Димрини кабыл алды. Бул туураалуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу учурунда элчи А. Димри, Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектерин белгилешкен.

Өз кезегинде Казакбаев элчиге Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдар, алдыдагы мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоо тууралуу айтып берип, шайлоо процессине катышуусу үчүн алардан да байкоочулардын келишин сунуш кылган.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-индия мамилелери, стратегиялык өнөктөштүгү бекемделе берерине жана эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгында өнүгөрүнө ишенерин билдиришкен. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости