www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ганхуяг Содном мырзадан Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.

Министр Р.Казакбаев Элчи Ганхуяг Содномду Монголиянын Кыргыз Республикасындагы биринчи Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Р.Казакбаев монголия тарапка Башкы консулдукту Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине кайра уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жакын арада Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин ачылышы тууралуу маалымат берди. Тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечеги, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо жана борборлор ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышышты.

Мындан тышкары, дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын утурлай Р.Казакбаев бул иш-чараны биргелешкен күч-аракет менен белгилөөгө чакырды: эң жогорку жана жогорку деңгээлде, тышкы иштер органдарынын деңгээлинде эки тараптуу сапарларды уюштуруу, бир катар маданий иш-чараларды өткөрүү.

Өз кезегинде Монголиянын элчиси Содном министрге ыраазычылык билдирип, Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жолдогон саламды жеткирди. Г.Содном баса белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда кызматташуунун дээрлик бардык багыттары боюнча келишимдик-укуктук база толук калыптангандыгын белгиледи. Монголиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси соода, экономика, айыл чарба, туризм, маданият жана илим тармактарында эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди. Мындан тышкары, монгол тарап Монголиянын Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын элчилигин эртерээк ачууга үмүт артарын билдирди.

Сүйлөшүүлөр достук маанайда жана талкууланган бардык маселелер боюнча толук өз ара түшүнүшүү духунда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости