www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-январнда, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) баш катчысы Мехмет Сурея Эр менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу жүрүшүндө ТүркПАнын алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы достук жана боордоштук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде парламенттик өңүттө өз-ара аракеттенүүнү активдештирүүгө болгон ниеттер айтылды.

Казакбаев ТүркПАнын баш катчысы Эрди кызматка шайланышы менен куттуктап, Парламенттик ассамблея 2008-жылы түзүлгөндөн бери түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик дипломатиясынын институту катары жогорку натыйжаларга жетишкенин белгиледи.

Мехмет Сурея Эр ТүркПАнын учурдагы эл аралык ишмердүүлүгү жана 2022-жылга пландаштырылган иш-чаралары, анын ичинде 2022-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өтүүчү ТүркПАнын 11-пленардык сессиясына даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан эл аралык кырдаалдын жаңы шарттарында, түрдүү чакырыктар жана коопсуздук коркунучтары менен түрк мамлекеттери түрк кызматташтыгынын болгон толук потенциалын ачуу боюнча максаттуу иштерди улантуусу керектигин билдирип, бир тууган Өзбекстан, Түркмөнстан жана Мажарстандын парламенттеринин толук кандуу кошулуусу аркылуу ТүркПАны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости