www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 30-сентябрда Вена шаарында өткөн.

Министр Казакбаев өз сөзүндө ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын демократиялык реформалар, жарандык коомду өнүктүрүү, адам укуктарын, анын ичинде улуттук азчылыктардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Бул реформалардын баарынын кыймылдаткычы Кыргызстандын көп улуттуу, эркиндикти сүйгөн эл экени, алар дайыма бийликтен адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгы үчүн эффективдүү иштөөнү талап кылары белгиленди.

Казакбаев ошондой эле былтыркы октябрь окуяларынын себептерине, республикалык бийликтин ички саясий абалды стабилдештирүү жана конституциялык нукка кайтаруу аракеттерине токтолуп кетти. Мындан тышкары, жыл башында президенттик шайлоону өткөрүү, жазында конституциялык референдумду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону уюштуруу боюнча маалымат берилди.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) тарабынан таанылгандыгы белгиленди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда жаңы Конституцияга ылайык пропорционалдык-мажоритардык система боюнча парламенттик шайлоо өтө тургандыгын билдирди. Ал ЕККУ/ДИАУБ эл аралык байкоочулар миссиясын даярдык көрүүнүн жана добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө катышууга чакырды жана Кыргыз Республикасынын бул шайлоону өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык принциптерге, анын ичинде 1990-жылдагы ЕККУга мүчө мамлекеттердин Копенгаген милдеттенмелерин эске алуу менен өткөрүү ниетине ишендирди.

КР ТИМ башчысы ошондой эле өз сөзүндө европалык өнөктөштөргө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVACS программасынын алкагында коронавируска каршы вакциналарды алууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Р.Казакбаев өзүнүн европалык кесиптештерин 2021-жылдын ноябрында Бишкекте пландаштырылган «Европа Биримдиги - Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды, анын алкагында биздин өлкөлөрдүн экономикасына коронавирус пандемиясынын таасирин азайтуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк боло тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле келерки жылы ЕККУга кошулуунун 30 жылдыгына жана Кыргызстандын Хельсинки Корутунду Актысына кошулгандыгына байланыштуу жогорку деңгээлдеги биргелешкен конференцияны өткөрүү сунушталды. Эл аралык конференциянын алкагында Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгын комплекстүү коопсуздуктун бардык үч өлчөмү боюнча өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана пландарын талкуулоо сунушталды.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри сөзү аяктагандан кийин, ЕККУнун алдындагы Россия, ЕБ, Түркия, АКШ, Улуу Британия, Азербайжан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Швейцария, Норвегиянын туруктуу өкүлдөрү чыгып сүйлɵштү.

Өз сөздөрүндө ЕККУнун аталган өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан ички саясий жана экономикалык реформаларды колдоосун билдиришти, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн афган жаштарына 500 виза берүүгө даярдыгы тууралуу демилгени оң белгилешти.

ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү парламенттик шайлоого ЕККУ эл аралык байкоочуларын да жөнөтүүгө даярдыгын билдиришти.

ЕККУ ДИАУБ менен КРнын кызматташтыгы, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин алкагындагы долбоорлордун ишмердүүгү жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча оң баасын белгилешти. Ошондой эле бир нече чыгып сүйлɵчүүлɵр КРдан Кабул шаарына гуманитардык жардам жɵнɵтүү, КР ЕККУ менен Афганистан боюнча кызматташтыгы боюнча, ошондой эле адам укуктар боюнча айрым маселелерди, эркиндик массалык маалымат каражаттары жана КРдагы жарандык коомдун ролу боюнча суроолор тастыкталышты.

Министр тарабынан тиешелүү түшүндүрмөлөр жана комментарийлер берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости