www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук милициясы Беловодск психоневрологиялык интернатында мушташтан кийин өспүрүмдүн каза болушу боюнча текшерүүнү баштады.

Милициянын маалыматына караганда, быйыл 25-апрелде Москва райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө психоневрологиялык интернаттын тарбиялануучусу 15 жаштагы С.Н. аттуу өспүрүм жаткарылган.

Алдын ала маалымат боюнча,  25-апрелде интернаттын 2 тарбиялануучусу 12 жаштагы А.С. жана 17 жаштагы Х.Р. 15 жаштагы С.Н. аттуу баланын денесине зыян келтиришкен. Ал ооруканага жеткирилген, кийинки күнү алган жаратынан улам эсине келбей каза болгон.

Бул факт Москва райондук милициясы тарабынан Жазык кодексинин 138-беренесинде каралган (Денеге оор залал келтирүү) кылмыш белгиси боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда бардык жагдайлар такталууда.

Булак: NazarNews

Последние новости