www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан президентинин тун уулу, Душанбенин мэри жана Сенаттын төрагасы Рустам Эмомали  өкмөттүк делегацияны жетектеп, Түркмөнстанга расмий сапар менен барды.

Анын сапары мартта Түркмөнстанда Борбор Азияда биринчи жолу бийлик атадан балага өткөн маалга туш келди. Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов президенттик кызматка 15-мартта киришкен. Эксперттер бул сценарий Тажикстанда да кайталанышы мүмкүн экенин четке кагышкан жок.

Мартта ал Азербайжанга барган. Ильхам Алиев 2023-жылы атасы өлгөндөн кийин президент болуп, ошондон бери бийликтен түшө элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости