www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси менен маек.

- “Эки айлык эле ундун запасы бар” деген кептер желдей тарады. Туура эмес түшүнгөндөр, ун запастап коюуга ашыккандар да арбыды. Соңку абалыбызды айтсаңыз?

- Журналисттер тарабынан “чек аралар таптакыр жабылып калса, биздеги запастар канчага жетет?” деген суроолор берилген. Ошондо “эки айлык запас бар. Эки айлык запасты дайыма кармайбыз” дегем. Учурда деле буудайды алып келип, иштетип жатабыз. Эки айдан соң деле запастарыбыз улана берет.

“Эки айлык эле ун бар экен” дегендей маалыматтар тарап кетти. Бул тармакта ушунча көп комбинаттар иштеп жаткан соң, ун арбын эле. Кампаларда сакталгандар бар. Дагы келип жатат. Ун кымбаттаган да жок, ошол эле баада.

- Жаз айларында деле кымбатчылык күтүлбөйт да....

- Жазында деле кымбаттабашы керек. Бул түздөн-түз буудайдын баасына байланыштуу. Мисалы, буудайды сырттан алып келип жатабыз. Эгер сыртта буудай кымбаттап кетсе, анда ундун баасына таасир этет. Буудайдын баасы ушундай эле абалда турса же арзандап кетсе, ун дагы арзандайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости