www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 2022-жылдагы Январь окуясында жарандар күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган окуяга байланыштуу иш боюнча Алматынын Полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

«Маалым болгондой, Башкы прокуратура 2022-жылдын январь айында Алматы облусунун Карасай районунун Кошмамбет айылында жайгашкан атайын убактылуу кармоочу жайда жарандарга карата кыйноо колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатат», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Абилбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу кармалганын анын адвокаты Рена Керимовага таянып Orda.kz басылмасы жазды.

Казакстанда бул иш боюнча буга чейин төрт полиция кызматкери кармалганын, өзүнөн тышкары ошол күндөрү 20дан ашуун киши кыйноого кабылганын, Казакстандын Башкы прокуратурасы ишти аягына чыгарарын, төрт кызматкердин кармалганы «башталашы гана» деп айтканын Рузахунов буга чейин билдирген.

Январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берип, Бишкекке жөнөтүшкөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун көк-ала абалда тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости