www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иманкадыр Рысалиевдин дүбүртү көптөн бери эл оозунда жүрөт. “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун жетекчиси, мунун секретариатынын жетекчиси катары айлыгы 5000 евро эле, бир евронун курсу 78 сом 21 тыйындан болгондо эле айына 380 000 сом айлык алып турган. Жубайы Сабырбекова Таалайкүл “Эргене” коомдук фонду менен рак оорусун көзөмөлдөйм деп өкмөттөн  1 500 000 сомду жана оорулуулардын запкысын азайтам деген шылтоо менен 300 000 сом алат. Бул экөөнүн уулу Рысалиев Эрназар “КТ Мобайлдын” директорунун орун басары бул мамлекеттик ишканадан 300 000 сом айлык алат. Элдин бары ушундай айлык алса гана, атаганат. Анда Абылгазиевди мактап жатып калат элек. Рысалиевдин жубайы Сабырбекова Таалайкүлдүн жандосу Алтынай Өмүрбекова өкмөт башчысынын орунбасары (вице-премьер), “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун жетекчисинин бири. Булар өкмөт башчысынын бажасынын гана туугандары.

Өкмөт башчысы Абылгазиевдин жээни Медет Ирсалиевди жетелеп жүрүп, өзү башкарып жүргөн Соцфонддун төрагасына орун басар кылып кеткен. Бүгүнкү күнү таякесине таянган жээни Ирсалиев Медет Соцфондду жетектейт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости