www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маршруттук таксилердеги жол кире маселеси компаниялар менен мэриянын тиреши, аны ачык айтуу керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов билдирди.

Анын айтымында, маршруттук таксилер боюнча жобонун айдоочуларга тиешеси жок. Андыктан айдоочулар аркылуу башаламандык кылуунун кереги жок.

--«Мен 5 жылдан бери какшап айтып келем. 2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинин маршруттук таксилердин ишмердүүлүгү боюнча жобосуна ылайык,  компаниялар жаңы унаалары менен конкурска ачык катышышы керек. Компаниялар андан баш тартып, шаардык кеңештин чечимин сотко берген. Ошол тиреш азыр да уланып келет. Бул тиреш — жасалма. Шаардык транспорт башкармалыгы конкурс өткөрсө болмок. Аны өткөрүшпөгөнүнүн себеби компаниялар менен келишип алган же жасалма тирешүү бар», — дейт Аматов.

Ал белгилегендей, жөнөкөй айдоочу унааны жаңыртуу, ыңгайлуу шарт түзүү боюнча жоопкер эмес, ал милдеттерди компания аткарышы керек. Ассоциациялардын айдоочуларды пайдалануусу туура эмес. Компаниялар тийиштүү шартты түзүшү кажет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости